www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Космонавттардын космоско чыкканда жоготкон сөөк тыгыздыгын толук калыбына келтире албаганы белгилүү болду.

Guardian гезитинин маалыматына караганда, илимпоздор жерге кайтып келгенден кийин космостон учуп келген астронавттардын калыбына келүү процессин изилдөөгө киришти. Изилдөөдө Эл аралык космос станциясынын (ICC) бортунда калган 17 астронавттын билек жана буттарындагы сөөк тыгыздыгы анализденди.

Окумуштуулар 9 астронавттын сөөк тыгыздыгы бир жылдан кийин толук жакшырбаганын жана 10 жыл бою сөөк тыгыздыгы начар экенин аныктаган. Мындан тышкары 4 айдан 7 айга чейин ICCде калган астронавттардын калыбына келүү процесси жайыраак болгону айтылды.

Муун ден-соолугу институтунун директору, дарыгер Стивен Бойд: «Космосто канчалык көп болсоң, ошончолук сөөк жоголот»,-деди. Бул изилдөө келечекте Марска пландаштырылган миссиялар үчүн чоң тынчсызданууну жаратат деп бөлүшүлгөн. Изилдөөнүн чоо-жайы Scientific Reports журналында жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости