www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уялчак депутат бар эле Камчыбек Жолдошбаев деген, депутаттар эл менен кошо автобуска түшсө уялганынан өлүп калчу, эмне үчүн кызматтык машиналар менен жүрбөйт деп. “Уялып бүттүк” –деди Бишкек мэри 100 күндүк иш боюнча маалымат жыйыны учурунда. Мэр эски прокуратуранын ордуна эмне курулаарын айтты. Күйүп кеткен эски прокуратуранын имараты шаардын көркүн бузуп жатат. Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна соода борбор, мейманкана салынат, мэрия негизи үч вариантты ойлонуп жатат. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында 12 жыл турган бул объектини ордунан сүрүп салып жок кылгандан соң курулушка аукцион жарыяланарын айтты. Негизи үч вариантты карап жатышат. Анын ичинде соода борбор, мейманкана деген варианттар да бар. Бишкекке туристтер, коноктор келет. Ыңгайсыз абалда калып, уят болуп жатканын мэр баса белгиледи. Дайыма баннер менен жаап, катып, көздөн далдалап келгшени бышык. Мындай болбошу керек. Ал жерде 40 сотых жер бар, бул жакшы эле аянт. Эске салсак, имарат 2010-жылдын 7-апрелинде элдик толкундоолордун учурунда өрттөлгөн .Ошол бойдон унутулуп калды. Бул ой жакшы чынында эбакта куруш керек.
Бишкек шаарына жыл аягына чейин 600дөй автобус келип, маршруткалар шаардын сыртына чыгарылат. Бул тууралуу Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, борбор калаага газ жана электр кубаты менен жүргөн 350 автобус алып келинет. Булар маршруттук таксинин жетекчилери менен жолугуп, жыл аягына чейин автобустар келерин айтып, 100 кичи автобустун ордуна 10 автобусту алып иштеткиле дедик. Анткени маршруттук таксилер шаардын сыртына чыгарылат. Калаанын негизги бөлүктөрүндө автобустар жүрө баштайт. Кийинки жумада шаардык бюджеттин эсебинен 100 автобус алганы жатышат, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 100 автобуска каражат берилерин айткан. Жалпы 500-600 автобус каттамга чыгат.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк иш боюнча маалымат жыйыны учурунда Дубайда туулган күнүн өткөрүп келди деген маалыматты төгүндөп, ал Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарында инвесторлор менен жолукканын айтты. Анын айтымында, Бишкекке чоң инвесторлор келет. Жакында эле социалдык тармактарда блогерлер “мэр туулган күнүн Дубайда өткөрүп келди” деп жазышты. Мэр үч күндө – ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күнү Бириккен Араб Эмираттарына барып, чоң долбоорлорду жактап келиптир. Буюрса бул долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек. Мындан тышкары бизге чоң инвесторлор келет. Биз англис жана орус тилдеринде 10 долбоор тууралуу маалымат камтылган китепчелерди чыгардык. Мында канча инвестициялык каражаттар кайсыл тармакка жумшалары боюнча аналитикалык эсептер бекитилген.
Буга чейин мэриянын басма сөз кызматы мэр Эмилбек Абдыкадыров 3-6-июнь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болгонун билдирген. Анын алкагында ал БАЭ өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, келечектүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырган.Балким ара – чолодо туулган күнүн белгилеп алгандыр.
Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында бул аралыкта жасалган иштер айтылды. Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бир топ өзгөрүүлөр болот.Бишкекти ирээтке келтириш керек. Шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери дагы күч жүрүүдө. Борбордун негизги көчөлөрүндө жайгашкан дүкөндөр алынып, тротуарлар пайда болот. Атайын тургундар үчүн эс алуучу жайлар, сейил бактар курулат. Мэр шаардыктарга көчө кандай болоорун көрсөтөйүн деди, мэрдин айтканына ишенсе болобу же дагы деле калпбы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg