www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн коронавирустун алдын алууга каршы иши чабал жүрүп жатканын сындап, эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөөгө чакырды.
«Баткен, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарында коронавирус көп катталып жатат. Социалдык түйүндөрдө саясий партиялардын эл менен жолугушуулары боюнча сүрөт жана видеолор көп чыгууда. Анда беткап тагынуу режими жана социалдык аралык сакталган жок. Той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, кафе-ресторандарда массалык иш-чаралар өтүүдө. Бул боюнча жергиликтүү бийлик жана Ички иштер министрлиги чара көрбөй жатат. Рейддер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн жок. Массалык түрдө эл чогулган жер — оорунун очогу болууда», — деди Кубатбек Боронов.
Ошондой эле, жыйында зарыл болгон учурда стационарлар, мобилдик топтор кайрадан иштегенге даяр болушу керектиги айтылды.
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп, 175 жаңы учур катталды. Жалпы учурлардын саны 45 миң 932ге жетти. Вирустан айыккандар — 42 миң 147, каза болгондор — 1063 киши.
Булак: NazarNews.kg