www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравиясынын өкмөтү 4-октябрдан тарта Умра намазын окууга уруксат бере баштайт. Бул тууралуу SPA өкмөттүк маалымат агенттиги 22-сентябрда билдирди.

Эске сала кетсек, Умра - ыйык Мекке шаарында окулган намаз. Бирок, ажылыктан айырмаланып, Умра амалдары бир нече саатка бөлүнөт жана Умра жыл бою жасала берет.
Умра кылууга уруксат бир нече этап менен акырындык менен жүргүзүлөт.

Маалыматка таянсак, биринчи этапта Сауд Аравиясынын жарандары жана учурда Падышалыкта жүргөн башка өлкөлөрдүн жарандары Умра ибадатын 4-октябрдан тарта аткара алышат. Коронавирустан коргонуу боюнча көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн Масжидул Харамга келген мусулмандардын саны аймактын мүмкүнчүлүгүнүн 30 пайызын гана ээлеген деңгээлге чейин кыскарат. Бул чектөөдөн кийин күн сайын 6000 мусулман Мажидул Харамга намаз окушат.

Экинчи этапта, 18-октябрдан баштап Сауд Аравиясынын жарандары жана чет өлкөлүктөр Медрададагы Умра менен кошо Набави мечитине  барышат. Бул этапта мечиттин сыйымдуулугу 75 пайызга чейин толтурулат. Бул күнүнө Умра үчүн 15000, ал эми дагы 40.000 адам Намаз үчүн Харам мечитине киришин камсыз кылат. Мединадагы Набави мечитине дагы атайын шарттар каралган.

Үчүнчү этапта Сауд Арабиясындагы мусулмандардан тышкары, чет өлкөдөн келген мусулмандар үчүн Умранын эшиктери ачылат. Бул этапка 1-ноябрдан тарта уруксат берилип, анын жүрүшүндө мусулмандар эки ыйык мечитке бара алышат. Үчүнчү баскычтагы чектөөлөр коронавирус пандемиясына карата чектөөлөр киргизилген. Харам мечитинин жана Набавий мечитине күн сайын 20 миң адам Умра ибадатын аткарса, дагы 60 миң адам ушул ыйык мечитте башка намаздарды окушат.

"Падышачылыкка чет өлкөлөрдөн мусулмандардын келүүсүнө уруксат берүү акырындык менен жүрөт. Сауд Аравиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус коркунучу көп туулбаган өлкөлөргө басым жасайт», - деп айтылат билдирүүдө.

Төртүнчү этапта Сауд Аравиясы өзүнүн жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө келип, эки ыйык мечитте намаз окушуна жол ачат. Бул этап Сауд Аравиясынын өкмөтү коронавирус пандемиясынын коркунучу жок деп жарыялагандан кийин башталат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости