www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-сентябрда саат 23:50 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөнүн Чүй ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери түнкү саат 23:40 чамасында Кашка-Суу айылынын аймагында беткапчан белгисиз адамдар 42 жаштагы Түркиянын жаранына карата белгисиз курал менен ок атып, физикалык күч колдонуп, 80 миң сом акчасын жана унаасын тартып алып белгисиз тарапка качып кетишкен.
Ал эми Түрк жараны денесинен алган жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) боюнча катталды.
Белгилей кетсек, буга чейин белгисиз адамдар түрк жаранын травматикалык тапанча менен атып, андан 80 миң сом алып, белгисиз тарапка качып кетишкени маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg