www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жол-транспорттук кырсыктарына себепкер богон жолдогу кайырчылык менен алектенген жарандарга карата тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын аймагындагы чоң унаа жүрүүчү көчөлөрдө кайырчы кылгандардын саны кескин көбөйгөн. Алар коомдук тартипти бузуп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат, ошондой эле жол кырсыктарыына да себепкер болууда.
Аталган фактыларды эске алып, Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагын атайын жолдогу кайырчылык менен алектенген жарандарга карата ыкчам профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.
Анын жүрүшүндө “Кудайберген” базары, “Аламүдүн” базарынын айланасы жана “Батыш автобекетинин” тегерегинде, борбордук чоң көчөлөрдө жолдун ортосунда унаа кырсыктарына жана жол
тыгындарына себепкер болгон 40 кайырчы милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан аныкталып, жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилүүдө.
"Алар кайырчылыкты күнүмдүк жумушуна айландырып алышкан. Айрым учурларда кайырчы сураган жарандан айланып өтөм деп, жол кырсыгына же “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлгө жол эрежелерин бузуу фактылар менен түшүп калган учурлар бар. Мындан улам шаардык айдоочулардан кайырчыларга карта ар кандай кайрылуулар келип түшөт"- деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда ал жарандардын аты-жөнү жана убактылуу жашаган үй жайынын даректери аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg