www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө коронавирустук инфекциясынан айыгып кеткендердин саны 23 миллиондон ашты.  Борлдометердин такталган маалыматы боюнча, коронавирустан аман калган адамдардын жалпы саны 23 120 798 адамга жеткен. Индия коронавирус илдетин жайылтуу боюнча лидер. Учурда 4 497 867 адам COVID-19 оорусунан айыккан.

Андан кийинки орунда АКШ (4 299 525), Бразилия (3 887 199), Россия (911 973), Колумбия (640 900), Перу (622 418), Түштүк Африка (591,208), Аргентина (508,563), Мексика (502 982) жана Чили (421 111) турат. 
22-сентябрда саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирустук инфекциянын жуктургандардын саны 52 491ге жетти. Алардын 48 606сы айыгып, 440ы көз жумган.

Эске сала кетсек, коронавирус 2019-жылдын аягында Кытайдын Хубэй провинциясынын борбору Ухань шаарында катталган. 31-декабрда Кытай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөдө белгисиз оору жайыла баштагандыгын эскерткен.
Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 31 490 644 адам коронавируска чалдыккан. 969,367 көз жумган.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости