www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи декбарда онлайн өтөт

Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи, жыл сайын салтка айланган декабрь айында болуп өтчү. Тилекке каршы 2020-жылы коронавирус пандемиясынын айынан Стокгольм филармониясында эмес, онлайн режиминде өткөрүлөт.

"Бардыгыбыз жалпы эфирге туташабыз, студия Стокгольм шаарынын мэриясында жайгашат. Ар бир талапкер онлайн режиминде Швециянын өз өлкөсүндөгү элчилигинен же өз университетинен катышат", - деди Нобель Фондунун төрагасы Ларс Хайкенстен.
Пандемияга байланыштуу Осло шаарынын мэриясында 10-декабрга белгиленген Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи Осло университетинде өтөт. Салтанат 1947-1989-жылдары ушул университетте өткөн. 30 жылдан ашуун убакыттан бери сыйлыктар лауреатка мэрияда тапшырылып келген.

Маалымат үчүн айта кетүүчү нерсе, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 2021-жылга Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Рушана Султонова, Ташкент 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости