www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диярбакырда алдамчылык жол менен урдалган  балдары үчүн Halkların Demokratik Partisi ( Калктын Деморатиялык Партиясы)  мекемесинин алдында нааразычылык акциясына чыккан Аккуш үй-бүлөсүнүн бүгүн ал жердеги акыркы күнү болду.

Балдары алдамчылык менен террористтик уюмдун катарына кошулушуна HDPны ( Калктын Деморатиялык Партиясын)  күнөөлөгөн ата-энелердин Диякбакырда  2019-жылда башталган нааразычылык акциясынын 388-күнү уланууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Стамбулдан 2019-жылдын 20-сентябрында келген Диярбакырдагы нааразычылык акциясынын катышуучусу Фахреттин Аккушга баласынын сентябрдын башында Ирактын түндүгүндөгү террористтик уюмдан качып кеткендиги тууралуу сүйүнүчтүү кабар келген.

Маалыматты аныктоонун жүрүшүндө коопсуздук күчтөрүндө баш калкалаган 5 террористердин бири Фахреттин Аккуштун уулу Эркан Аккуш экени белгилүү болгон.

2015-жылы Стамбулдун Султангази районунда уурдалып, террористердин тобуна кирип калган Эркан Аккуш 4 жылдан кийин кайра үй-бүлөсү менен жолукту.

Мейрем айым менен Фахреттин мырзанын көптөн күткөн тилеги орундалып баласы Эркан менен жолугушуусу, дагы башка өз балдарын күтүп, нааразычылык акциясында отурган көптөгөн ата-энеге кубаныч тартуулап, үмүт шамын жакты.

Муну менен бирге бир тууганы Сүлейман Четинкая үчүн нааразычылык акциясына чыккан Зекие Боздаг бир жылдан бери бул протести чечкиндүүлүк менен улантып келе жаткандыктарын билдирип, нааразычылык акциялары бир жыл эмес миң жыл болсо да улантылаарнын айтты.

“Дагы бир үй-бүлө баласына жолуктукканына кубанып турам, жана ошондой эле зар болуп күтүп жаткан башка ата-энелер да балдары менен жакынкы күндөрдө жолугушун каалайм”- деп кошумчалады Боздаг

Кыпындай болгон бир кабар болсо да биз үмүтүбүздү үзбөйбүз

Бир тууганын күтүп жаткан Боздаг -“Биздин күч - аракет менен кезектеги 17- үй-бүлө табышты. Чындын да эле абдан сүйүндүк. Кээде үмүтүбүз үзүлө баштайт, бирок, ушундай Эрканга окшогон балдардан кабар келген учурларда кайра үмүттөнө баштайбыз. Иним, бирбоорум, мени угуп же көрүп жаткан болсоң кайтып кел же болбосо бизге бир кабарыңды билдир. Апам чыдай албай ооруп калды, эч бир күчү калган жок. Бизди ойлобосоңда, апаңды ойло. Кел, ылай-ыйлай көз жашы көл болду. Күн сайын сени күтүп көзүн албай, жол карап сени күтөт...”

 “Биз да балдарыбыз менен жолугабыз”

Алдамчылык жол менен террористтер уюумуна жалданып калган уулуну күтүп, нааразычылык акциясына кошулган Абдуллах Демир да баласы үчүн көп жылдан бери азап тартып келатканын айтты:

“Аллага миң мертебе шүгүр, бүгүн бир уулубузду таап, аман-эсен жолуктук. Кудайдын буйругу менен биз да балдарыбызга жолугабыз. Ушуну менен он жетинчи ата-эне баласына жолукту, ичим жылып, көңүлүм көтөрүлүп калды. Балдарыбыз кайтып келет”.

Көп убакыттан кийин кайра катып келген жигитти көрүп, алардын аракет текке кетпегенине көзу жеткенин кошумчалады Абдулла Демир.

 “Булар, бир-эки ай отуруп эле тарап кетишет деп ойлоду өздөрүнчө”

Демир “Булар бир-эки айдан кийин эле кетип калат деп ойлоду окшойт. Жок. Биз балдарыбызга жолукмайынча эч ким бул жерден эч жакка жылбайт! Буйруса баары кайтып келишет".

Булар ташбоор, буларда Кудайдан коркуу деген жок” –деп уулуну коопсуздук күчтөрүнө багынуусун суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости