www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан улам жалпы дүйнөдө 437 000 киши каза болуп, 8 миллион 68 000 киши вирус жугузган. Айыккандардын саны 4 миллион 175 000ге жетти.
Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Кенияда коронавирустан каза болгондордун саны 104кө жетип, вирус жугузгандардын саны 113 кишиге көбөйүп, жалпы саны 3 727ге жогорулады. Өлкөдө өкмөт Ковид – 19 менен күрөшүү чараларын июль айына чейин узартуу чечимин чыгарды.
Түштүк Африка республикасында эң көп бейтап болгон Батыш Кейп провинциясында 98 мугалим жана 1800 окуучуда Ковид - 19 аныкталды. 1480 киши каза болгон өлкөдө вирус жугузгандардын саны 70 миң 38ге жогорулады.
Ковид – 19дан улам 24 саатта 48 киши каза болуп жалпы каза болгон киши саны 208гө, 116 кишинин дагы вирус жугузушу менен жалпы вирус жугузган киши саны 844кө чыккан Йемен үчүн БУУ тарабынан эскертүү берилди. Өлкөдөгү БУУнун гуманитардык иштер координация кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Йеменде 25 пайызга жакындаган жана тынчсызданткан өлүм катнашы дүйнө ортоломосунан 4 эсе көп»,- деп билдирилди.
Суданда эпидемиядан 459 киши каза болуп акыркы 24 саатта вирус жугузгандардын саны 213кө көбөйдү жана жалпы вирус жугузгандардын саны 7 220га жогорулады.
73 киши каза болгон Чадда акыркы бир күндө 850 бейтап аныкталды.
Булак: "trt.net.tr"