www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин соттук отуруму уланууда. Айыпталуучулардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.
Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевди Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиндеги 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупцияны уюштуруу) боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик наам жана сыйлыктардан ажыратуу менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранышты.
Жазык органынын мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө иши 2019-жылдын январында башталган. Ал октябрь айында сотко өткөрүлүп берилген.
Айыпталуучулар 19 адам. Булар соттолгондорго диагноз койгон дарыгерлер жана лаборанттар, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев.
Булак: NazarNews.kg