www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-май күнү «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы жалгыз жүргүнчү менен Дүйшөмбү шаарынан Москвага учуп барды. Учак Тажикстандын жараны Дилшод Нурматовду Россияга жеткирди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, Россия өзгөчө тартип менен Дилшод Нурматовго 4 баласынын жанына кайтууга уруксат берди. Ал Москва шаарында таксист болуп иштейт. Март айында жубайын жана балдарын Россияда калтырып, өзү Душанбеге ата-энесинен кабар алуу үчүн 10 күнгө барган. Бирок карантинден улам кайра Россияга кайтууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анын жубайы Гүлшан апрель айынын аягында уул бала төрөп, 5-майда бөйрөк оорусунан улам каза болуп калган. Дилшод жубайын көмүү жөрөлгөсүнө видеобайланыш аркылуу гана катыша алган.

Тажикстандын элчилиги Россиянын бийлигинен Дилшод Нурматовго балдарын кароо үчүн кайрадан Москвага кайтууга уруксат берүүнү сураган.

Белгилей кетсек, учурда Россиянын аймагында 1 миллиондон ашуун тажик мигранты бар. Орточо эсеп менен ар бир төртүнчү тажик үй-бүлөсү мигранттар салган каражат менен күн көрөт. Жыл сайын жүздөгөн тажиктер Россияда каза таап, быйыл коронавируска байланыштуу алардын саны өсөөрү болжолдонууда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости