www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын жанындагы Орехово-Зуев шаарындагы арзан товарлардын супермаркетине келген адам беш айлык кош бойлуу 26 жаштагы сатуучуну сабап салды. Бул тууралуу “Московский Комсомолец” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, конфликт сатып алуучу жана анын жубайы 27 рублдин баасы менен этикеткада көрсөтүлгөн товардын наркы келишпегенинен улам келип чыккан. Соода кызматкери алгач ачууланган кардарларды тынчтандыра алган жана алар төлөнгөн товар менен кетишкен.

10 мүнөттөн кийин жубайлар кайтып келишти. Сатып алуучу ошол учурда соода аянтында турган сатуучуга кол көтөрүп, аны алдап жатат деп айыптай баштаган. Сатуучу кыз ага кош бойлуу экенин айтып, тынчтанууну өтүндү. Бирок, кардар мурдагыдан да катуураак мамиле кыла баштады. Алгач жабырлануучуну муштум менен бетине чаап, андан кийин ичине тепкен.

Башка сатып алуучулар жана кызматкерлер жардамга шашылыш келип, сабап жаткан аялды сүйрөп кетишкен. Анын күйөөсү эч кандай жол менен кийлигишкен эмес жана болгону ал болуп жаткан окуяны телефонуна тартып турган. Жабыркаган кызды тез жардам кызматы чакырып, жубайлар окуя болгон жерден чыгып кетүүгө шашылышкан.

Сатуучу аял ооруканага жаткырылды жана ал баласын жоготуп алуусу мүмкүн. Бул окуяны азыр полиция кызматкерлери териштирип, мушташкан адамдарды издеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости