www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык,  кыргызстандык келиндер алар жашаган аймак карантинге жабылганын билбей соода кылуу үчүн көчөгө чыккан.

18-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орозо айт күнүнө дал келген 23-24-25-26-май күндөрү өлкөдө жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынганын билдирген.

Түркияда расмий өзгөчө кырдаал киргизилбегени менен дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланууда. 22-майга карата Түркияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 154 миңден ашса, каза болгондор - 4276 кишини түздү. Ал эми 116 миңден ашык киши илдеттен айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, 30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт. Буга чейин Индияда карантин режимин бузган кыргыз дааватчылары жазага тартылганын чет элдик басылмалар кабарлашкан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости