www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге Кожобек Рысбаевге афганчылар далысын салып калышкан? Кожокең кожоңдоп жүрүп «Ар-Намыс» партиясынын аркасы менен афганчылардын атынан парламентке Нурлан Төрөбеков болуп депутат болуп келишет. Орусиялык афганчылар ченебеген суммада материалдык жардам берет.Андан тышкары насыяга да акча беришет. Насыяны төлөп беребиз дешип Кожобек Рысбаев менен Нурлан Төрөбеков алышат. Ушул акчалардын айынан 2016-жылы  Нурлан Төрөбеков инсульт болуп көз жумат. Кожобек Рысбаев карыздын барын көзү өткөн депутатка шылтоолоп өзү мантайып басып жүрөт. Ошондуктан, муну билишкен афганчылар Кожобек Рысбаевди «дарга асабыз» дешип жүрүшөт.

Учурда кээ бир депутаттардын түнкү уйкусу бөлүнүп, эмки жарышка ким менен чыксам деген ой уктатпай жаткандай. Айрыкча, ушул кезге чейин чалчаңдап, элди бийлеп келген СДПКчы депутаттардыкы. Беш жыл элди бийледи, бирок айткан убадалары элди канааттандырган жок. Демек калпты кошуп элди алдоо жолу менен парламентке келишкен. Алсак, СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев, бул депутат ар кайсы жерде темир сатып темселеп жүргөн, Ооганстанды өзү кыйратып койгонсуп акелеп-жакелеп жатып, Кулов менен Акылбек Жапаровдун баскан жерин шыпырып жүрүп «Ар-Намыстан» депутат болуп жүргөн. Депутат болор менен, ал кездеги президент  Алмазбек Шаршеновичтин «мүшөгүнө» айланган. Атамбаев чарчап-чаалыкканда кээ бир эркектер «сүйгөн оокаттан» биртке сеп этип алып, кимдир - бирөөлөрдү эрмектегиси келчү. Кожобек Рыспаев мындайда төшүн тосуп берип жүргөн азамат эмеспи, көп ирет «мүшөк» болуп берчү. Ошонун айынан, Алмазбек Шаршеновичке жагып, алтын кендерди тейлеп, жакындарын бүт ошол жакка жакындатып, мульти-миллиардер болуп чыга келди. Ушул күндөрү Кожобек Рыспаевдин уйкусу качып, кайрадан депутат болууну көздөп турат. Ал Кулов менен Акылбек Жапаровду «кидать» этип СДПКдан байлык топтогон, бүгүн анын байлык топтогусу келип жатат. Бирок,кайсы партия менен парламентке келет?

Мурунку «Ар Намыс» фракциясынын мүчөсү , «Ар Намыска» арнаган ар намысын алтынга кожоюн болуш үчүн СДПКга бурган депутат Кожобек Рыспаевдин парламентте Ислам динине, анын ичинде таблигчилерге сөйкөнүп алды. «Ыймандуу» Кожобек мырза  өзүн ыймандуу сезип  Япониядагы Кыргызстанды уят кылган жосунсуз жоруктарын унутуп калса керек. Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеген кыргыз жаранынын айтуусунда Кожобек мырзанын ыймандуулугу тууралуу айтканы бар.СКДПчы депутат Кожобек Рыспаев баштаган 3 депутат Япония парламенти уюштурган “Япондук шайлоо системасы” боюнча окууларга барышат. Ыймандуу депутаттар окууга барбай 10 күн мейманканадан чыкпай «салтанаттуу үлпөт» өткөзөт. Кетерден бир күн мурун гана ачка калгансып япон парламентинин спикери берген сый тамакка жетип барышып, СДПКнын “ыймандуулугун” япондорго көрсөтүшүп, бекер берген «сакелерди» калтырбай согушуп, кыргыз делегациясын уят кылышат. Эртеси делегация жолго чыгарда алардын мейманканада жасаган дагы бир жоруктары ачыкка чыгып, билинип калып чоң жаңжал чыгат.

Японияда коомдук жайлардын дээрлик баарында тамеки тартууга болбойт.  Ал үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөргө гана барып тартыш керек. Кыргыз делегациясы жайгашкан 5 жылдыздуу New Otani Tokio Hotel мейманканасынын жатак бөлмөлөрүндө да тамеки тартууга катуу тыюу салынган. Тартипти бузгандарга чоң айыппул салынат. Тамеки тарткысы келгендер ошол эле кабаттагы атайын жасалган тамеки тартуучулар бөлмөсүнө барып тартып келиш керек.

Биздин Кожобек мырза баш болгон СДПКчы депутаттар топ япондорду алдайбыз деп бөлмөлөрдө тамеки тартышып, тамекинин калдыктарын жаткан матрацтарынын алдына катып булгай беришиптир.  Кыргыз делегациясы кетип жатканда бөлмөлөрдү кабыл алып жатышкан мейманкана кызматкерлери муну таап алышып, полиция чакырып, чоң жаңжал чыгат. Төрт депутаттын ар бирине 700 доллардан айыппул салынса булар “акчабыз жок” деп байкуш болушуп, жаңжал чыгарып көгөрүп төлөбөй олтуруп алышат. Айласы кеткен япон парламентинин өкүлдөрү кыргыз депутаттарынын айыппулдарын өз чөнтөктөрүнөн төлөп беришет да жолго салышат. Кызыккандар болсо бул окуяны New Otani Tokio Hotel мейманканасынын администрациясынан, япон парламентинен тактап алышса болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости