www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таланттар кенчи Токио же Дубайда эмес... Бул мүрзөлөрдө

Ар бир адамдын жете албай жүргөн нерсеси көп. Аткарылбаган максаттары арбын. Жашоондогу ошол эңсеген нерселерге жетүүгө балким сага бир мүмкүнчүлүк ыроолонсо, ал белекти пайдаланып калаар белең? Же артта калган, текке кеткен күндөрүң сымал бул мүмкүнчулүктү дагы колдон учурасыңбы? Бул дүйнөдө акылга, билимге, талантка толгон кенч кайсы жакта? Бул Токио же Дубайда эмес. Бул мүрзөлөрдө...

Ал жактан сен ишке ашпай калган мүмкүнчүлүктөрдү, жазылбай калган китептерди, тартылбай калган шедеврлерди, ырдалбай калган ырларды табууга болот. Ал жактан сен бул жарык дүйнөдө колдонулбай калган, бул дүйнөнун адамдары көрбөй калган акылды, билимди, талантты рухий кенчти кездештиресиң.

Көп адамдар көкүрөгү толгон таланттары, максаттары, идеялары, билими, мүмкүнчүлүктөрү ачылбаган бойдон бул дүйнөдөн өтүп кетишет. Анткени алар аракеттенген эмес. Өздөрүнүн ташкындаган таланттарын ачуу үчүн күрөшкөн эмес. Айрымдары кандай таланттын ээси экенин да билбей, бул жарык дүйнө менен кош айтышып кете беришкен.

Бул нерсени биз тирүү адамдар билишибиз керек. Анткени азыр биз тирүүбүз. Дем алып жатабыз. Жашап жатабыз. Колубузда көп мүмкүнчүлүктөр бар. Качан гана ажал тооруганда, дартка чалдыкканда, бул жашоодо эмне жасап, эмнени жасабай, убакытты текке кетиргенибизди ойлоп, өкүнүчтөр жүрөк жаралайт. Ошол мүрзөлөрдөгү ачылбай, буюгуп, буулугуп көмүлүп жаткан таланттарды биз да толуктайбыз. Биз да алардын бири болобуз. Биздин ташкындаган талантыбыз да ошентип мүрзөдө калат. Сендеги ашып-ташкан талантты ачпай, мүмкүнчүлүктү колдонбой, жарык дүйнөдөгү жашооңо жүктөлгөн миссияңды аткарбай өзүң менен ала кетүү коркунучу бар. Эртеңки күнү эмне болорубузду эч ким билбейт. Андыктан шашыл досум. Силкин досум. Ойгон досум.

Жарык дүйнөдө биз колдонуп, пайдаланып калууга эң сонун, эң көп убакыттар бар. Бир күн ичинде эле эмне деген иштерди аткарып, үлгүрүп калууга болот. Дал азыркы учурда өтүп жаткан секунддарды, мүнөттөрдү артка кайрый албайбыз. Сенин жаркын келечегиң үчүн чечилбеген маселе жаралса, бүгүн чечим чыгар. Ал чечим сенин эртеңки күнүңө жол көрсөтөт. Эртеңки бактың болот.

Бүгүн чечим чыгарып, ар бир ирмемди баалап кал. Анткени биздин болгон-толгон жакшы нерселерибиз ошол ирмемдерге катылган. Кетирген каталарыңды артка калтыр. Баарын өзгөртүүгө, жакшыртууга сенин сонун мүмкүнчүлүктөрүң бар. Бул мүмкүнчүлүктөр түбөлүктүүлүктү тартуулайт. Ар бир күн эмес, ар бир сааттарда максаттарды бийиктетсең, өйдөгө умтулсан болот. Анткени ар бир күнүңдө эмес, ар бир саатыңда да жаңы мүмкүнчүлүктөр катылган. Бул катылган мүмкүнчүлүктөрдүн арты менен чөйрөңө, айланаңдагыларга, эли-журтуңа өзүндүн кандай татыктуу адам экениңди, кандай таланттуу экениңди
көрсөтө бил.

Сен мурдагыдан көбүрөөк эмгектенесиң. Ашкере күрөшөсүң. Аябай кыйналасың. Бирок ал эмгек менен күрөштөн кандай жакшы нерселер жараларын түшүнөсүң. Көптөгөн сонун сунуштар, тынбай иштөө, билим алуудан соң да жыйынтыкты көрө албаган учурлар болот. Жашоонун ар кандай соккуларына жолугасың. Ийгиликсиз күндөр тажатат. Бирок, бул жашооңдун аз гана бөлүмдөрү. «Сабырдуулуктун даамы өтө ачуу. Качандыр бир анын даамы балдан да таттуу болот» деген кеп бар.

Мындай учурларды, кыйынчылыктарды жиреп өткөндү үйрөнсөң, эртең сени ачылган жол, таттуу жемиштер күтүп алат.

Жашообуздун ар бир көз ирмеми ушундай кымбат, баалуу. Жөн гана ар ирмемди баалап, пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек. Эми менин сизге койгон бир суроом бар: мындан аркы жашооңузду, убакытты, ар бир күн, саат, мүнөттөрдү кандай пайдаланаар экенсиз?

Булак: АЗИЯnews

Последние новости