www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 29-июнда жоголгон 20 жаштагы Гүлнур Аскарбекова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси ал 29-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз деп 30-июнь күнү милицияга арыз жазган.

“Биздин Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кыздын 1-июль күнү Бишкек шаарында жүргөнү аныкталды. Ал аман-эсен табылды. Бишкек шаарына барып, турмушка чыкканы белгилүү болду. Жолдошу Ысык-Көл облусунун тургуну экен. Экөө тең сурака чакырылып, түшүнүк беришти. Кыздын ата-энеси тосмо арыз жазып беришти”, — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости