www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергетикасындагы тариф бекеринен 3 баскыч менен белгиленген эмес. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

"Биринчиси – 700 киловаттка чейин 77 тыйын, андан ашканы 2 сом 16 тыйын, ал эми өндүрүш тармагы үчүн эсеп 2,24 сомдон туура келген.

Элдин 82 пайызы 77 тыйындык лимитти колдоно тургандыгын тажрыйба көрсөттү. Ал эми элдин 18 пайызы гана 2,16 сомдук электр энергиясына муктаждыгы бар болуп чыкты. Андыктан азыркы тарифтик өзгөрүүлөр турмуштук керектөөлөрдүн көйгөйүн деле жаратпайт.

Электр энергиясынын генерациясын иштеп чыгууга артыкчылык берилгени жакшы. Андыктан чакан ГЭСтерди курууда изденүүчүлүк керек. Энерготармак сазга батпай, заманбап иштөөсү үчүн алынган насыялар натыйжалуу колдонулуп, алынган каражаттарды кайра кайтарууга келгенде баш-аягын таппай калган абал жаралбоого тийиш. Ошондуктан тарифтерди кайра карап, техникалык жабдыктарды жаңыртып туруу керек. Электр энергиясынын өндүрүлгөн, транзиттик өздүк наркы 1 сом 53 тыйынды түзсө, анын элге сатылган баасы 77 тыйын. Бул өзүн-өзү актабаган чыгымдарга алып келип жатканын туура түшүнүү менен кабыл алуу зарыл. Ошол себептен өндүрүүчү тарапты да, колдонуучу тарапты да убайымга салбаганда орток баа ойлонуп табылышы керек. Менин жеке пикиримде, электр энергиясынын акысын акырындап 10-20 тыйындан гана жогорулатып, лимитти 1000 кВт жеткиргенде деле жакшы эле каражаттык колдоо болмок. Эл да кыйналмак эмес. Ал эми тоо-кен тармактарындагы, темир иштетүүчү, кыш жана цемент чыгаруучу өндүрүштүн электр чыгымындагы акы төлөмдөрү жогорулай турган болсо, жалпы элге залакасы тийбейт”, - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости