www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кожоке эмнеге "койкоңдойт" десе

КСДПнын депутаты, парламенттеги кен тармагын тескеген комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевге нааразы болгондор барган сайын көбөйүп бараткандай. Эми ал нааразы болгондордун калың катарын Тогуз -Торо эли толуктап жатыптыр.

Маалым болгондой бул тоолуу аймактагы злдин караганы эле Макмал алтын кени. Узак жылдардан бери мына ошол алтын кени менен жан багып келишет. Өткөндө жергиликтүү эл Макмал алтын кенинин жанына ""Жи Эл макмал девлопинг" деп аталган кытай компаниясы алтынды бөлүп алуучу фабрика куруп баштаган.

Жергиликтүү эл ал компаниянын иштөдсүнө каршылык билдиришип, митингге чыгышкан эле. Көрсв, ал кытай компаниянын документтери толук бүтпөптүр. Бирок кытайлар ага карабастан ал жерден кетип калган жери жок. Маселе чечилгенче деп күтүп турушат. Аларды комитет төрагасы Кожобек Рыспаев колдоп жатат деген кептер тар чөйрөдө айтылууда. Бекер колдобосу бештен белгилүү.

Демек, ал кептер бекеринен айтылган жок. Чынында Кожоке мырза, андай иштерге абдан эле жөндөмдүү экенин эл деле эң сонун билип калды. Кожекеңдин коомчулукка ачыктала эле дагы да далай иштери бар. Алдыда анын баары ачыкталса, өзүн өтө акылдуу сезип бапылдаган эл өкүлүнө жакшы болбос...

Булак: Багыт.кж
 

Последние новости