www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө 1 миллион 100 миң сомдой акча коротот. Бул тууралуу шаардык бийликтин Маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, акча Ала-Тоо аянтын жана негизги көчөлөрдү жасалгалоого, көрнөк-жарнактарды илүүгө жана шөкөттөө иштерин аткарган жумушчуларга берилет.

21-мартта күндүз Ала-Тоо аянтында театрлаштырылган концерт болот. Андан тышкары, конуштарда да майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, улуттук оюндар көрсөтүлөт.

Мэрия быйыл Жаңы жыл майрамына карата Бишкек шаарын жасалгалоо үчүн 15 миллион сомдой каражат сарптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости