www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Талас байрагы” облустук гезитинин башкы редактору менен маек.

-- Президентибиз Садыр Жапаров өзү башында туруп, басма сөз күнүнүн алдында облустук гезиттердин көйгөйүн чечүүгө тапшырма бергени эсибизде. Бирок андан бери эки айга чукул убакыт өтсө да, айрым кашаң чиновниктердин айынан иш ордунан жылбай атабы?

-- Биздин көйгөй чечилбей, президенттен үч күн убакыт сураган чиновниктер токтом токуй албай, эки барак кагазды созгонуна үчүнчү айга ооду. Сыягы, чиновниктер иштерине шалаакы же президентке атайын саботаж жасап жатышат окшойт.

Мурдагы күнү президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаевге да кайрылып, маселени кабыргасынан койдук. “Көзөмөлгө алам” деп калды. Маданият министрлиги колунан келген ишти жасап, бирок башка министрликтеги бюрократтар тоскоол кылып жатышат.

Демек, президенттин тапшырмасына текеберлик, тоготпостук мамиле жасалып, айрым көзүн май баскан чиновниктер кайдыгер жана ат үстүнөн мамиле жасагандары жанды кашайтып, баардык региондордогу башкы редакторлордун нааразылыгын жаратууда.

-- Маселенин мынча созулушуна кандай себептер болушу мүмкүн?

-- Бизге жеткен маалымат боюнча, минфинден кармалып, тушалып жатат. Эшектин тушоосун чече албаган кыбыр жана мажирөө чиновниктер иштей албаса кызматтан кетип, маселени тез жана реалдуу чечкен, көйгөйгө тике карап, калыс жана адилет чечим кабыл ала билген, кекирейме эмес, эл менен сүйлөшө алган чиновниктер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун командасында болсо жакшы болмок.

Эки барак токтом үчүн үч күн мөөнөт сураган чиновниктер өлкө башчысынын көзүн кантип тике карай алат болду экен? “Маселени чечип, токтомду үч күндө токуй коёбуз” деген чиновниктер жок дегенде бир ай мөөнөт сураса болмок да. Эгер президентке маалымат жетсе, кашаң чиновниктерди оңдурбайт, тезинен чара көрөт (!) деген ишенимдемин.

Президент менен жолугушууда көтөрүлгөн көп жылдык көйгөйлөр жана ал маселелерди өлкө башчысы ыкчам, акыйкат, принципиалдуу чечкени баарыбызды ыраазы кылган.

Президент өз убадасына туруп, жолугушууда мен тарабынан коюлган кызматтык автоунааны чечип берди. Өзү кабыл алып куттуктады. Башка чиновниктер өлкө башчысынын ишмердүүлүгүнөн, жетекчилик иштеги мыкты сапаттарынан таалим, сабак, өрнөк алышса болмок.

Тилекке каршы, кашаң мүнөздүүлөр да бар экен. Баса, Бишкектин тегерегиндеги мурда турак жайларына документ алалбай жүргөн эл менен жолугушууда президент маселени чечүүгө эки апта мөөнөт берген эле. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Тентишев туура эки аптадан кийин элге кызыл китептерди салтанаттуу тапшырды. Тентишев сөзүнө бекем турган азамат экен!

-- Президент тапшырма бергенден кийин ал токтом тез арада эле чыгышы шарт эле. Таңгалычтуу көрүнүш экен...

-- Башкасын билбейм, президенттин тапшырмасын абдан создуктурган көрүнүшкө акылым жетпей, эсим эки болуп отурам. Улуу император Наполеон "мен ар дайым чечкиндүү адамдарга муктажмын" деп айткан экен.

Мына, өлкө башчысы Садыр Жапаров отуз жылда чечилбеген тоодой көйгөйлүү маселелерди реалдуу жана ыкчам карап, чечип, карапайым элдин алкышына ээ болууда. 25- декабрда кабминдин жыйынында министрлерге, ыйгарым укуктуу өкүлдөргө кайрылып, "жерге түшүп, элге жакын болгула" деп айтты го? Бирок баардык эле жетекчилерге жеттиби билбейм, дээринде жокторго жетпесе өздөрүнүн шору.

Эл, коом тараза, кайсы чиновник же жетекчи текебер, төрөпейил, ишине кайдыгер, кайсы жетекчи ак жүрөк, элге жакын, ак дили менен кызмат кылып жатат – баарын байкап, көрүп турат. Президент менен жолугушуудан кийинки жакшы көрүнүш – облустук медиаборбордун жетекчилеринин, облустук гезиттердин ишине жөнү жок ыксыз кийлигишүүлөр токтогонун кесиптештерим айтышууда.

Мурда көп жерлерде майда-чүйдөгө чейин киришип, алтургай видеокамераларды коюп, журналисттер көз ирмемге да сыртка чыга албай калышкан экен. Айрымдары гезиттин материалдарын кудум мурдагы сынчылардай текшерип, цензура орнотушуптур. Бу кыргызга бийлик берсең, “бөрк ал десе баш алган” эл экенбиз го...

P.S. Гезит басууга даярдалып жатканда, маселе чечилип, токтом даяр болгону маалымдалды.

Булак: Азия News гезити

Последние новости