www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мекендештер! КР Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов жардамга муктаж. Күч бирдикте. Жапа тырмак жардам бере турган болсок, аны сактап кала алабыз. Мындай сөздөрүн КР Эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова Facebook социалдык баракчасында жазып чыкты.
Анын айтымында 2015-жылы Султан Каримовго: "Кант диабети", "Уйку безинин оорчундуу панкреатити", "бөйрөктүн пиелонефрити", "полиартрит жана артроз", "сол тизе муунунун деформациясы", "жүрөк оорусу", "кан тамыр оорулары" сыяктуу көптөгөн диагноздор коюлган. 2020-жылдын июнь айынан баштап 1-типтеги кант диабетине чалдыкканы да маалым болгон. Султан Каримов инсулинге көз каранды бейтаптардын катарында.
Маалыматка ылайык, Каримов Түркияда жасала турчу операцияга муктаж.
"Мыкты артистибизди сактап калуубуз керек",- дейт Жамиля Муратова.
Жардам берүүнү каалаган окурмандар бар болсо, Султан Каримовдун атына таандык Элсом капчыгына каражат которсо болот.
ЭЛСОМ: 0507 420542 (Султан Каримов)
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg