www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин тажик улутундагы адамдар карата зордук-зомбулукка кабылды деген билдирүүсүнө төгүндөө менен жооп кайтарды.

Ички иштер министрлигинин 19-сентябрдагы маалыматына караганда, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде өткөн брифингде чындыкка дал келбеген маалыматтар айтылды - Бишкек шаарында жана Кыргызстандын башка ири шаарларында тажик улутундагы жарандардын жарандыгы көрсөтүлбөстөн аныкталып, аларга карата мыйзамсыз зомбулук аракеттери: сабалып, белгисиз тарапка алып кеткени айтылат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын жана эч кандай фактылар менен ырасталбаганын билдирет: башка мамлекеттин улутуна же жарандыгына карап кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер же дискриминация жакында болгон эмес жана мындай фактылар катталган эмес.

«Биздин республикада 80ден ашык ар турдуу улуттардын өкүлдөрү жашайт, алар үчүн Кыргызстан Ата Мекен. Мамлекетибиздин аймагында жашаган жарандардын укуктары жана эркиндиктери республиканын Конституциясы, мыйзамдары менен корголот. Эч ким социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине карата же башка жагдайлар боюнча эч кандай басмырлоого дуушар болушу мүмкүн эмес», - деп айтылат КР ИИМдин билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости