www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн окуяларга байланыштуу камкорлук кылган жарандар, активисттер, ошондой эле демилгелүү топтор тарабынан, Баткен облусунун жаңжал учурунда жабыркаган жергиликтүү тургундарына жана аскер кызматкерлерине гуманитардык жардам чогултууну уюштуруушууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 17-сентябрынан 19-сентябрына чейин Баткен областына жалпысынан 700 тоннага жакын гуманитардык жүк жеткирилди. Республиканын бардык аймактарынан гуманитардык жардам жөнөтүлгөн жана келүүдө, анын ичинде негизги керектөөлөр да, башка зарыл каражаттар да бар.

Ошол эле учурда айрым жарандар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, элге көрсөтүлүп жаткан жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып, коомчулуктун алдында өзүнүн инсандыгын белгилөөдө.

Ушуга байланыштуу бардык жарандарды жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүдө өзүн пиар кылуудан алыс болууну суранабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости