www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР мамлекеттик гимнин автору Шабданбек Кулуев 80 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов билдирди.
Эске сала кетсек, Шабданбек Кулуев Жумгал районуна караштуу Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1963-жылы, Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жж. Жумгал районунун Жумгал айылында М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жж. Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Ошондой эле республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.
1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген. Кулуев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин автору жана 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. “Жайыл районунун Ардактуу атуулу”. 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн” пенсиясы ыйгарылган жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “Кеменгер” төш белгисинин ээси.
1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2011-жылдан "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардактуу наамына ээ болгон.
Кыргызстандагы белгилүү журналист Элнура Кулуеванын атасы Шабданбек Кулуевдин арты кайрылуу болсун. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.