www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясы логикага туура келбеген талаптарды коюп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-ноябрда маалымат жыйында билдирди.

"Мен талапкер катары кол чогултууга уруксаатты кечээ күнү гана алдым. Кээ бир талапкерлер менден 2-3 күн мурун алды. Бирок жалпысынан бардыгыбызда бүгүн кыйынчылыктар бар. Мыйзам боюнча 30 миңден 60 миңге чейинки добушту 50 күндө чогултушубуз керек эле. Азыркы күндө кезексиз президенттик шайлоо болгондуктан 10,15 күндүн ичинде кол топтош керек экен. Бул физикалык жактан мүмкүн эмес. БШК логикага туура келбеген талаптарды коюп жатат. 12 күндө кол топтоого мүмкүнчүлүк барбы? Ошентсе да, бардыгыбыз кол чогултуп баштадык. Мурунку президент санариптештирүү кылып жатабыз деп айткан. Эмне үчүн компьютер менен чогултуу болгон жок? Тиркемелер аркылуу кол чогултуу кирген жок.

Бизге келген адамдар телефондон жазгыла десек коркуп жатышат. 21-кылымда 20-кылымдын документи менен кол чогултуп жатабыз. Бул БШКнын иши", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости