www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр каралды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-июндагы жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Алтыбаева А.Т., Төрөбаев Б.Э., Бакиров М.И., Абдылдаев М.Ю., Сулайманов А.Т., Өмүркулов И.Ш., Карашев А.А., Чойбеков Р.Н., Турускулов Ж.К., Керезбеков К.К.

Ушундай эле мыйзам долбоору  КР Өкмөтү тарабынан сунушталган. Мыйзам долбоорлору  биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар эки мыйзам долбоорун бириктирүүнү сунушташты.

Жогорку Кеңеш ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорлорун биринчи окуудан карады. Мыйзам долбоорунун демилгечилери-депутаттар Алтыбаева А.Т., Төрөбаев Б.Э., Бакиров М.И., Абдылдаев М.Ю., Сулайманов А.Т., Өмүркулов И.Ш., Карашев А.А., Чойбеков Р.Н., Турускулов Ж.К., Керезбеков К.К.

Мындан тышкары, депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү”  мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окуудан карашты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси- КР Өкмөтү.

Мыйзам долбоорлору  аларды бир долбоорго бириктирүү сунушу менен  биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости