www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"2020-жылдын 2-июнунда болжол менен таңкы саат 05:55 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы үйлөрдүн жанында белгисиз жарандын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган учурда, болжол менен 50-55 жаштагы азият улутундагы жаран киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Көрүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе 5-кичи районунда окуяга шектүү катары 1974-жылы туулган К.Э. кармалып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде Октябрь райондук ИИБгы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg