www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү саясатчы жана коомдук ишмерлердин бири болгон Бекмамат Осмоновдун 1995-жылы телеканалдардын бирине айткан сөзүн "NazarNews" маалымат агенттиги окурмандарыбызга сунуштайбыз.

"Бийлик - деген өзү адилет болуш керек. Ошол бийликти жараткан эл, байлыкты жараткан эл, акылды жараткан эл. Элден ашык эч нерсе жок. Мамлекет дагы элдин укугун өйдө көтөрүп бири-бири менен болгон мамилесин тууралаш үчүн жасалат. Мына ушул турмуштун оорлошуна президент менен элдин ортосуна жанагы жазакер бийликтегилер тоскон көшөгөсү катуу тасирин тийгизди. Биз беш жылдын ичинде 20%ыбыз байыдык, калган 80%ыбыз кедейлендик. Эми мындан кийин эмне болобуз?

Гуманитардык жардам сурап жаңжалдашып жатабыз. А гуманитардык жардам дегендин өзүбүздүн тилге которгондо "садага". Илгери "садага" дубаналарга берилчү. Азыр эми элдин баары ошону талашып калды. Айласыз болуп калдык. Турмуш оор болуп атат. Бийликтеги чындык орномоюнча турмушубуз оңолбойт", - деген Бекмамат Осмонов.

Эске сала кетсек, Бекмамат Осмонов 1946-жылы 14-майда Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы мектеп интернатты 1963-жылы аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине кирген жана аны 1968-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Бекмамат Осмонов эмгек жолун Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Катта-Талдык” асыл тукум кой заводунда зоотехник-селекционер болуп иштөөдөн баштайт. 1968-1969-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-1971-жылдарда кайрадан “Катта-Талдык" совхозунда башкы зоотехник болуп эмгектенет. 1971-1972-жылдары Араван районунун айыл чарба башкармасына башкы зоотехник болуп дайындалат.

Ал 1972-жылы Алай районунун “Чоң-Алай” совхозуна директор болот. Ал бул кызматта 1978-жылга чейин үзүрлүү иштеген. Бул мезгилде “Чоң-Алай” совхозу алдыңкы совхоздордун катарында болуп, ири ийгиликтерге жетишкен, элдин социалдык-экономикалык абалы жогорулаган.

1978-жылдын ноябрь айынан баштап ал Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. 1985-жылы партиянын Ош облустук комитетине айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кызматына которулат.

1988-1990-жылдары партиянын Токтогул райондук комитетинин 1-катчысы. 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңештин төрагасы болуп шайланган. 1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган. Бул кызматта ал 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген.

Андан кийин КЫРГЫЗАГРОИМПЭКСтин түштүк филиалында башкы директор, 1994-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, 1995-жылы Ош облустук кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Андан кийин республикалык Токой агенттигинин Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча башкармалыгынын башкы директору, министрдин орун басары болуп эмгектенет. 1996-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облусунун токой чарба башкармалыгынын директору болуп турган.

Облустук Кеңешке 7 жолу депутат болуп шайланган. 1989-1995-жылдары чакырылган, эл оозунда "легендарлуу" атыккан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз элине сиңирген эмгеги үчүн 1984-жылы “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган. 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылган.

Бекмамат Осмонов жүрөк оорусуна байланыштуу Москва шаарында операция жасалып, 1997-жылы 28-октябрь күнү 52 жашында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында 1998-жылдын январь айындагы №745-1 токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектебине Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости