www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкармалыгына караштуу социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жоюлушу менен байланыштуу, президенттик администрациянын административдик имаратын куруу долбоору президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин эскиздик долбоорду иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.
Жоюлган социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.
Эске салсак, президенттин иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында “Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына караштуу социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндөгү” мамлекет башчынын жарлыгына кол коюлган деп айтылат маалыматта.