www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Бишкекте соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өтүп жатат. Оверчук бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Ал пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

"Мамлекеттик органдар бул багытта тыгыз иш алып барышыбыз керек. Кырдаалды эске алуу менен эриш-аркак жылынын жабылышын 2021-жылга жылдырууну сунуштайбыз", — деди Оверчук.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости