www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Маниса шаарындагы Пойраз аймагында дыйканчылык менен алектенген 66 жаштагы Режеп Коркмаз кулагына тынбай ызылдаган үн угулганынан түнү бою уктай албай, ооруканага барган. Ал жакта кулагынан чыккан тирүү чымынды көрүп, шок болду. Бул тууралуу түркиялык haberler.com маалымат порталы жазды.

Пойраз аймагындагы оорукананын Кулак, мурун жана тамак поликлиникасына барган Коркмазды Мухаммед Йениай аттуу дарыгер кабыл алып, анын кулагында тирүү чымын бар экени аныкталды. Андан соң аталган дарыгер тарабынан чымын тирүү бойдон алып чыгарылды.

Анжир топтоо үчүн үйүнүн бакчасындагы баака чыкканын айткан Коркмаз: “Саат 16:00 чамаларында анжир топтогону үйдүн алдындагы бакка чыккам. Топтоп жатып, кулагыма бир ызылдаган үн келди. Кулагымды чукусам, эч нерсе илинген жок. Ошентип, ишимди уланта бердим. Кийинчерээк үйгө киргенде кулагым ызылдап, жанымды коёрго жер таппай, таң атканча уктай албай чыктым. Таң атканда коңшум: “Сенин кулагыңа бир нерсе кирип кеткен окшойт. Ооруканага барсаңчы”, - деди. Дароо ооруканага жөнөдүм. Кулагымдан тирүү чымын чыкканда шок болдум чынында. Дарыгер алып чыкты. Аллахыма шүгүр, ал чыккандан кийин жаным жай алып калды”, - деп айтып берди болуп өткөн окуя тууралуу.

'Pır pır' sesleri duyduğu için hastaneye gitti, kulağından canlı sinek çıkarıldı

Булак: NazarNews.kg

Последние новости