www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 1-март күнү Түркия Республикасында өтүп жаткан Үчүнчү Анталья Дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вьетнам Социалисттик Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нгуен Минь Ханг айым менен жолугушту.  

Жолугушууда тараптар кыргыз-вьетнам мамилелеринин ар түрдүү тармактарда, тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө учурдагы абалын жана мындан ары кызматташтыкты тереңдетүү келечегин кылдаттык менен карап чыгышты.

Экономика жана соода министрлеринин иш сапарларын уюштуруу, саясий кеңештерди өткөрүү, текстиль өнөр жайы жана башка тармактарда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Министр Жээнбек Кулубаев мындан ары саясий байланыштарды бекемдөө жана кыргыз-вьетнам өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери боюнча да пикир алышты.

 

Последние новости