www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газада бир учурда жүздөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган чабуул боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл экенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди. Бул тууралуу ал 29-февралда Сент-Винсент жана Гренадин өлкөсүндө Латын Америкасы жана Кариб бассейни аймагындагы өлкөлөрдүн кезектеги саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Бул окуя нес кылганын айткан башкы катчы Газадагы азыркы согуш башталгандан бери 30 миңдей жай тургун каза болгонун кошумчалады.

Жүздөн ашуун палестиналык жай тургундун өлүмү боюнча маселени АКШ президенти Жо Байден да көтөрдү. 29-февралда Египттин жана Катардын жетекчилиги менен жолугушууда Байден бул окуя барымтадагыларды бошотуу жана атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгаруу зарылчылыгын көрсөткөнүн айтты.

Газа секторунун Газа шаарында 29-февралда гуманитардык жардамга кезекте турган адамдар Израилдин чабуулунан набыт кеткенин бир катар маалымат агенттиктери жазышкан.

Газа секторундагы аскердик операциясын Израил былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңге чукул палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундар курман болуп жаткан ашкере зомбулукка айыптоодо.

Израилдик аскерлер бутага ХАМАСтын согушкерлери гана алынып келатканын, алар жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатышканын айтууда.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса атышуу токтоп, ХАМАС барымтадагы израилдиктерди, Израил камакта кармап турган палестиналыктарды бошотууга милдеттүү болушары айтылып келет.

АКШ президенти Жо Байден Израилдин жана ХАМАСтын ортосундагы атышууну токтотуу боюнча мунасага келерки аптанын башына чейин жетишүү мүмкүн экенин 26-февралда билдирген.

Последние новости