www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения Европа Биримдигине кирүүнү каалап жатат

Армения Евробиримдик менен мамилени тереңдетүүгө жана Евробиримдикке мүчө болууга талапкер болууга даяр. Бул тууралуу республикалык парламенттин спикери Ален Симонян билдирди.

«Биздин иш-аракеттерибиз Евробиримдиктеги көптөгөн өнөктөш өлкөлөргө караганда бизде демократиянын жакшы көрсөткүчү бар экенин көрсөтүп турат. Муну биз айтып жаткан жокпуз, Евробиримдиктеги өнөктөштөрүбүз айтып жатышат. Бул багытта ойлонушубуз керек деп ойлойм. Бирок мен шашкым келбейт. Мамлекеттик маселелерде кескин кадамдарга баруу жакшы эмес”, - дейт Симонян.

Анын айтымында, Армения өзүн толук коопсуздук менен камсыз кылуу багытында баратат.

"Бүгүнкү күндө демократиялык өлкө болуу биздин эң чоң коопсуздук тармагыбыз" дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Никол Пашинян Армения ЖККУдагы ишмердүүлүгүн токтотконун билдирген. Европарламент Евробиримдикти Азербайжанга каршы санкция киргизүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости