www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кытай 2024-жылы «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышын негизги приоритет катары жарыялашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.

Акылбек Жапаров «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл өткөрүү пунктарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Кыргызстандын көрүп жаткан аракеттерине токтолду.

Ал учурда 7 күн 14 сааттан иштеп жаткан көзөмөл өткөрүү пунктарын Кытай менен биргеликте күнү-түнү иштөө режимине өткөрүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктуна көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айтып, андан ары «Бедел» жаңы өткөрмө пункттун ачуу жана «Барскоон — Учтурфан — Аксу» жолунун курулушу боюнча кеп козгоду.

Биздин мамлекеттердин башчылары «Беделди» ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту.Акылбек Жапаров

«Албетте, «Бедел» өткөрмө пункту өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошоору шексиз» — деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары тараптар жолугушууда энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо, электрондук соода жана бондалык зоналар туурасында маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун сонунда Акылбек Жапаров, Ош-Кашгар-Ош авиакаттамын ачуу сунушун киргизип, КЭР СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен СУАР элдик өкмөтүнүн башчысы Эркин Туниязды иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости