www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте, 2025-жылдын 11-декабрында пара алуу жана кызматтык жасалмачылык фактысы боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын коррупциялык иштерин аныктады.

Тактап айтканда, 2024-жылы Улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүсү З.А.Э. жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 108 упай алган, бул Аскердик жогорку окуу жайына  кирүү үчүн жетишсиз болуп саналат (КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген босого упай — 110 упай жана андан жогору). Бирок, кабыл алууга корутунду документтерди даярдоодо аталган абитуриенттин ЖРТсынын жыйынтыктары жасалма түрдө, 129 упай  катары киргизилип, бул  Аскердк жогорку окуу жайына кабыл алуу үчүн негиз болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, аталган  абитуриенттин апасы Дж.Н.А. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкери К.С.А. аркылуу Коргоо министрлигинин Кадрлар боюнча башкы башкармалыгынын жооптуу кызматкери, майор А.А.А. менен уулун жогорку окуу жайына киргизүү маселеси боюнча макулдашууга жетишкени аныкталган. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн 3500 АКШ доллары алынган, ал эми кошумча 40 000 сом К.С.А.га берилген, ал эми РСК банк терминалы аркылуу 45 000 сом A.A.A.нын жеке эсебине которулган, жалпы сумма 4500 АКШ долларын түзгөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен майор А.А.А. эки айлык мөөнөткө (2025-жылдын 13-декабрынан 2026-жылдын 11-февралына чейин) №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын улантууда.
 

Последние новости