www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда көп талкуу жараткан инсандар аз эмес. Алардын бири өзүн-өзү таркаткан жана жаңы шайланып келген Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек (мурунку фамилиясы Шакиев). Бүгүнкү күндө ал кыргыз саясатында маанилүү фигура. Бирок Тургунбек уулунун ишмердүүлүгү толугу менен мактоого татыктуу эмес. Ошол эле кезде көптүн бири катары таптакыр четке кагуу да болбойт. Саясатчы катары таанымал болгон менен конкреттүү маселелерде анын ишине болгон канааттанбастык бар. 

Дегенибиз, буга дейре Жогорку Кеңештин төрагасы катары парламентти өз мөөнөтүнө чейин иштөөгө жеткирбей, өзүн-өзү таркатууга мажбур кылган абалга жеткиргени анын саясий жоопкерсиздиктин ачык белгиси болгон. Парламент мамлекеттин эң жогорку мыйзам чыгаруу органы, ал эми төрага анын жүзү. 

Демек, Жогорку Кеңештин аброюн, туруктуулугун сактап кала албаганы, анын саясий начар менеджер, кыска ойлонгон жетекчи экендигин далилдеген. Эми кайрадан төрага болгону акылга сыйбай турат.

Последние новости