www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта идентификацияланбаган электрондук капчыктардын иши токтойт. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Маалыматка караганда, коммерциялык банктар белгиленген мөөнөткө чейин идентификация жүргүзүшү керек.

“Улуттук банктын башкармалыгынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тарта коммерциялык банктарга идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат”, — дешти Улуттук банктан.

Идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктарды колдонууга тыюу салуунун негизги максаты - террористтик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү, кылмыштуу кирешелерди адалдоо чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди азайтуу, финансылык агымдардын бузулушуна жана тыюу салынган товарларды сатып алууга каршы туруу.

“Мындан тышкары, электрондук капчыктардын ишинде көйгөй жаралса, идентификациядан өтпөгөн капчык ээлерине акчасын кайтарып берүү кыйынга турат. Муну турмуштук практика көрсөттү”, — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости