www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ташкент облусунда 11 жаштагы бала коронавирустан 17-сентябрда каза болгон.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бейтап 5-сентябрда мурдунан кан токтобой, дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп келгенин кабарлады. Рентгенден анын өпкөсүнүн 50 пайызы жарабай калганы аныкталып, дарыгерлер ага коронавирус деген диагноз койгон. Ал ПЧР тесттен да аныкталган.

Жалпысынан Өзбекстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор 415 кишиге жетти. Анын ичинен 291 адам Ташкент шаарынан, 59 бейтап Ташкент облусунан.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстанда бул илдеттен көз жумгандардын арасындагы эң жашы экенин белгилүү болду

Булак: NazarNews.kg

Последние новости