www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактык жетекчилер өз оюн айтууга укуктуу, бирок кыйын учурда да эмоциялар үстөмдүк кылбашы керек. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун чек арада аскердик абалды жана аз өндүрүмдүү өзөктүк куралды колдонуу керек деген сөзүнө комментарий берди.

«Региондордун жетекчилери өз оюн айтып, баа берүүгө укуктуу. Анткени, булар Орусиянын бардык облустарынын жетекчилери, анын ичинде Рамзан Кадыров да, өзүңөр билесиңер, «атайын аскерий операция» башталгандан бери көп иштерди жасап, көп салым кошушкан. Ал өз салымын кошууну улантууда», - деди Кремлдин басма сөз катчысы.

Песков «эң кыйын учурларда да кырдаалга баа берип жатып, эмоцияларды чаташтырбоого чакырды».

Өзөктүк куралды колдонууга чакырууну эмоциянын көрүнүшү катары кароого болобу деген суроого жооп берип жатып, Песков «өлкөдө өзөктүк куралды колдонуу тиешелүү доктринада айтылгандардын негизинде ишке ашарын» эске салды.

Буга чейин Рамзан Кадыров орус аскерлери Украинанын Лиман шаарын жоготкондон кийин аз таасир этүүчү өзөктүк куралды колдонуу керектигин айткан.

Эске сала кетсек, 1-октябрда орус аскерлери курчоого алуу коркунучунан улам Украинанын Донецк облусундагы Красный Лиман шаарынан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости