www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу комментарий берди. Ал шейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, саясий каатчылык чукул арада конституциялык талаанын алкагында жөнгө салынат деп үмүттөнүшөрүн айтты: Бул тууралуу Азаттык билдирди.

"Биз албетте тынчсызданып жатабыз жана Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр конституциялык алкактан чыкпай, эркин көрсөтүп, тез аранын ичинде бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табат деп үмүттөнөбүз".

Песков ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу өлкөдөгү жарандардын ички саясий диалогунан көз каранды экенин белгиледи. Ал "Москва мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдошу мүмкүнбү?" деген суроого "Кыргызстандын президенти - Сооронбай Жээнбеков" деп жооп берди. Песков Путин менен Жээнбеков телефондон сүйлөшпөгөнүн бышыктады.

Өткөн айдын аягында Сочиде Путин менен Жээнбеков жолуккан.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган.

6-октябрга оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы проезидент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон. Тополоңдо ондогон адамдар жараат алып, бир киши каза болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости