www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль мурдагы советтик жумурияттарга аймактык дооматы бар экенин четке кагууда. 22-июнда президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Жок, Орусиянын кошуналарга эч кандай аймактык дооматы жок" деп билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Буга чейин Путин “Россия-1 каналындагы интервьюда  Советтер Союзу түзүлгөндө бир топ жумурияттар “Россиянын далай жерин алышканын”, СССР ыдыраганда ошол “белектерди ала кетишкенин” айткан. Президент кайсы жумурият, кайсы жерди кеп кылганын тактаган жок. СССР түзүлгөндө андан чыгуу укугу жазылганын, бирок процедурасы иштелип чыкпаганын кошумчалады.

Интервьюда Путин Крымдын 2014-жылы Орусияга кошулуусу "жарым аралдын калкынын демократиялык тандоосу болгонун" дагы бир жолу кайталады.

Бул интервьюдан кийин мурда СССРдин курманы кирген өлкөлөрдүн ичинде катуу талкуу болуп, Путиндин айткан сөздөрүнө нааразычылык билдиришкен.

Украинанын курамындагы Крымды басып алуу жана кошуна өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл жикчилерди колдоо мурдагы советтик жумурияттардын бир топ камтамасын жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости