www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менден СOVID-19 илдети табылды деген маалымат калп. Мындай билдирүүнү  Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, айрым ЖМКларда жана социалдык тармактарда "Зулпукаровдон коронавирус аныкталды" деген маалымат тараган. Бирок бул кабарлар чындыкка жатпайт.

Эске сала кетсек, буга чейин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдиновдун COVID-19 менен ооруп калганы белгилүү болгон. Ал төрага Дастанбек Жумабековду кошпогондо, дээрлик бардык кесиптештери менен байланышкан.

Вице-премьер-министр болуп дайындалган Алмазбек Баатырбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов парламентке келген.

Жалпысынан парламентте COVID-19 инфекциясынын эки учуру катталганы белгилүү болгон. Алгачкы ирет 18-июнда аталган оору Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан табылганы белгилүү болгон.

22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттарынын айрымдарынан коронавирус аныкталганын онлайн брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айткан. Бирок ал инфекцияга чалдыккан эл өкүлдөрүнүн ысымын атоодон баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости