www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөсүнө каршы санкциялардын Европада «бактерия» сыяктуу жайылып кеткенин айтып: "Алар санкциялар биздин позициябызды өзгөртөт деп ишенишет, андай болбой турганы анык»,- деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийди президент катары таанууну уланткандарына көңүл бурган Песков:"Ооба, ал Украинанын мамлекет башчысы жана президент катары куралсызданууга буйрук бере алат, ушундайча адам өлүмү болбойт",- деп айтты.

Песков, Орусияга каршы экономикалык санкциялардын негизги жооптуусу катары болсо Америка Кошмо Штаттарын күнөөлөп:"Жалпысынан санкцияларды колдогон Америка Кошмо Штаттары. Алар санкциялардын чоң колдоочусу. Табигый түрдө санкциялар бактерия сыяктуу Европага жайылып кетти", - деди.

Санкциялардан улам Орусиянын позициясында эч кандай өзгөрүү болбой турганын баса белгилеген Песков:"Алар санкциялар биздин позициябызды өзгөртөт деп ишенишет. Андай болбой турганы анык. Эч кимибиз ырааттуу позициябызды өзгөртпөйбүз",-деп билдирди. Бул тууралуу трт.нет агенттиги жазып чыкты. 

Последние новости