www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда социалдык тармакта ага-ини куда болсо болот - деген талкуу жаралып, элди дүрбөлөңгө түшүрдү. Талкууга жем таштаган, калктын  аң-сезимин кытыгылап ойногон ырчы, Гулнур Асанова “Манасыңарга муктаж эмеспиз” деп, элдин оозун ачырды. Так ушундай түркөйлөргө түшүнүк катары экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун Манастын дүйнө жүзүндөгү атак-даңкы тууралуу макаласын окурмандарга сунуштоону эп көрдүк.  

Таштык маданияты (б.з.ч. III-б.з V кылымы) кыргыздарга таандык экенин 1951-жылы Россия илимпоз тарыхчылары ачык эле жазып чыгышканын кыргыз бүгүн билеби?

Андан миң жыл мурун калыптанган Андронов, Карасук маданияттарында кыргыздардын талашсыз табылганын (уруулардын эн тамгалары ж.б.) бүгүн канча кыргыз айтып бере алат?

Кыргыз байыркы тарыхын билбей, аны уурдатып, өзүнө ишенбей, улуттук эс-тутуму өчкөндүн талашсыз далили катары төмөнкү маалыматты келтирейин:

Непал мамлекетинде бийиктиги 8128 м Манаслу деген чоку бар (жергиликтүү элдин тилинде Улуу ыйык Манас дегенди түшүндүрөт);

Индия мамлекетинде узундугу 500 км Манас дарыясы агат, Манас аттуу улуттук корук бар, аянты 50миң га (Камруп өлкөм, Ассам штатында);

Тибетте 4557м бийиктикте Манас (Манам-Цо) деген көл бар, аянты 500 чарчы км. Жергиликтүү калк аны ыйык тутуп, сыйынып турушат;

Батыш Кытайда Ирен-Хабыр мөңгүлөрүнөн башталып, узундугу 402 км Манас дарыясы агып, Манас көлүнө куят;

Кавказ тоолорунда Манас дарыясы агып, Каспий деңизине куюлат. Анын жээктеринде Манасмахи, Манасавлан, Манасматаб, Манаскент деген шаар, айыл, кыштактар жана Манас курорту бар;

Өзбекстанда, Самарканд менен Сурхандарыя областарынын кургак жерлерин сугат менен камсыз кылган Манас каналы бар, узундугу 300км, б.з.ч. миң жыл мурун казылган, секундасына 50 м³ суу агат;

Алтайда Манас көлү бар, 2331м бийиктикте, Манас тоо деген чоку бар, 2038м бийиктиги.

Ушуну канча кыргыз билет? Кайсы элдин (мейли орус, немис, француз, грек, жөөт, перс, кытай, монгол, жапон ж.б. алсак) түпкү бабасынын ысмы ушунча улуу чоку, дарыя, көл, тоолордун аты болуп аталып калган?

Кайсы эл дүйнө жүзүндө түпкү бабасын теңдешсиз, эң ири дастан кылып көтөрүп, бүгүнкү күнгө чейин айтып келатат? Кыргыздан башка дагы кимде комуз аспабы, Ак калпагы, белдемчи, элечек кийимдери, ордо, упай, жамбы атмай, тыйын эңмей оюндары, бозо, гулазык, эжигей тамактары бар?

Манас - жомок, кыргыз сабатсыз, XVI кылымда эле араң калыптанган, эски салтын, наркын унутуш керек деген саясат атайын жүргүзүлүп, анын кесепетинен тааныбай, жанбакты, ээрчимей, кыргыз өзүн өзүн сыйлабаган, курсагын гана ойлогон маңкуртка айланып баратпайбы?!

Манас бабабыздын ысмы Индия, Непал, Тибет, Кытай, Кавказ, Орто Азия, Алтайдын улуу жерлерине коюлганын унуткан кыргыз пастыкка түшүп, ичкен шарабын, момпосуюн, учак конгон, машинелер жүргөн да уялбай «Манас» деп атап алды («Манас» коньягы, «Манас» конфети, «Манас» көчөсү). Бул кыргыздын руху өлгөнүнүн даана белгиси.

Өлкөбүз кичинекей, табигый байлыктарга жарды дегендер, Кыргызстан аянты өлкөлөрүнөн чоң, таза суу байлыгы менен 110 өлкөнүн алдында турганын? (АКШ, Германия, Италия, Испания,   Корея, Израиль, Венгрия, Монголия, Украина, Өзбекстан, Казакстан, Туркия, Кытай, Франция, Иран, Египет, Сауд Аравия ж.б.).

Канча адам билет элибиздин сабаттуулугу боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан 14 орунда турганын? (АКШ-19, Россия-22, Франция-29, Германия-30, Япония-31, Канада-58, Израиль-62, Малайзия-94, Туркия-100, Кытай-102, Египет-150 ж.б.)².

Албетте, окурман бул көрсөткүчтү СССР менен байланыштырат. Чындык Таштык маданиятында жатат.

«При этом мы видели постоянные упоминания о народе, составленные в таких выражениях восхваления, которые не оставляют сомнения в том, что они писались в расчете на их прочтение простым кыргызом... Памятник на Кая-Бажи должны были читать очень многие. О том же можно заключить и по распространенности рунических надписей на различных бытовых предметах»³.

Демек, б.з. V-VII кылымдарында эле кыргыз эли сабаттуу болгонун Россия окумуштуулары Совет доорунда эле жазып кылымдарында карабай эле жазып чыгышкан. (КППС кыргыз калыптанган деген XVI-XVII саясатына карабай)

«Өткөнүн билбеген келечекке жол таппайт» - деген кыргызда улуу сөз бар. Көп жыл бою кыргыз өнүгүү жолун таппай, үзүлүп, чачылып, тентип, азапка кайнап, туш келди урунуп, кыйналып, чайналып келатат.

Кыргыз илгери ким эле, бүгүн ким болду? Эмне себептен бүгүн кыргыз өз Мекенинде жетим, белек элдерге малай болуп жүрөт? Же тубаса акылы кемби? Же чын эле жөндөмсүз, жалкоо, ынтымагы жок элби?

Коңшу өлкөлөрдү айтпай эле коелук, Африка өлкөлөрүнөн да артта калганыбызга эмне үчүн арданбай калдык?!

Качанга чейин кыргыз жер карап, азаптан арылбай, кордолуп, өз мекенинде, өз элинде акыйкат, чындык, адилет таппай чыркыраган үнү же бийликке, же Жаратканга жетпей эптеп күн көрүп малайлыктан, кедейликтен чыга албай жүрө берет?

Турмушту карасаң - баары туюктай сезилет... Эл ишенип, багыт ала турган өсүп, өнүгүү жолу барбы??

Же кыргыз кемип олтуруп, бара-бара аты тарыхта калып, өзү жок болуп кеткен элдердин катарынан орун алабы?

Бүгүн бул суроо эң түпкү, талуу маселеге айланды. Бул талкуу - ушул суроого окурман менен бирге жооп издеп, ой жүгүртүп, пикир бөлүшүү максатында жазылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости