www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоо жакындаган сайын чет мамлекеттен келген коноктор да Кыргызстанга тез-тез келе баштады. Анын үстүнө жай мезгилинде тынч турган саясат күндөн күнгө активдешүүдө. Жакында эле Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон сапары жана анын Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусу коомдо кызуу талкууга алынды. Айрым көз карандысыз серепчилер Путин Сооронбай Жээнбековдун кийинки президент болушун колдой тургаанын айтып чыгышты.

Буга чейин КСДПнын саясий кеңеши көрсөткөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги эмне үчүн дагы эле расмий көрсөтүлбөй жатканына россиялык фактор бар деген пикирди айтышкан эле. Кыргызстандагы саясий көп маселелерде, жада калса президенттик шайлоодо Орусиянын колдоосу чоң мааниге ээ экендиги эч кимге сыр деле эмес. Биринчиден региондогу абал өлкө башчысына байланыштуу.

А биздин түндүктөгү кошунабыз баардыгын көзөмөлдөгөнгө көнгөн. Мисалы терроризм коркунучтары жана баңгизат бизнеси ошондой эле ар кандай тополоң чыгаруу аракеттери. Экинчиден, Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү менен өлкөнүн ички саясатындагы Орусиянын тынчын алган маселелер да калбай калса керек, бул жалпы бажы чек аралары, соода жана экономика, ошондой эле миграция маселелери.

Белгиленген жолдон тайбагандык Путин үчүн маанилүү

Бул жерде биздин өлкөнүн да кызыкчылыгы – мигранттарыбыздын тагдыры. Орусиядан жардам жана ошол эле ЕАЭБ. Ошон үчүн бийлик партиясы Жээнбековду расмий түрдө талапкер катары көрсөтпөгөнү кызык болууда. Башка талапкерлер тууралуу сөздөр так четке кагылса да, Жээнбековдун тагдыры жашыруун сыр бойдон калууда. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт»,- дегендей – КСДП өзүнүн талапкерине ишенсе анда партиялык съезд эбак эле болмок. КСДП толгонуп съездин өткөрө албай жатканына караганда Сооронбай Жээнбеков Кремлдин көңүлүнө толбой жатабы деген шектенүү күн сайын чындыкка жакындап бара жатат. Буга болгон себептер да арбын – жумшак мүнөздүү, түштүктөгү ири уруулардын өкүлү, араб өлкөлөрү менен байлынышы бар (анын агасы Жусупбек Шарипов көп жылдан бери араб мамлекеттеринде – Кувейт, Сауд Аравия, Египетте элчи болуп келген. Андан сырткары Катар бийлиги менен байланышы бар).

Мындай жагдай, албетте, Орусияны тынчсыздандырат

Террордук фактор көп мамлекеттер үчүн букага кызыл жоолук көрсөткөндөй эле көрүнүш. Ошондой эле Орусияга евразиялык мейкининде террористтердин базасы кереги жок. Бирок ушу менен чоң деңгээлдеги сапарлар аяктаган жок. Жакында эле Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуу үчүн Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий сапары менен Бишкекке келди. Мындай жагдай шектүү көрүнөт, себеби Алмазбек Атамбаевдин Россияга болгон мамлекеттик сапарынан улам бизге Думанын биринчи адамы келди. Жада калса ал Кыргызстанга келгени КСДПнын президенттике көрсөтүлгөн талапкери менен жолугушту. «Биздин жолугушуу жемиштүү болгонун мен дагы бир жолу белгилейм. Ал эки мамлекеттин тең пайдалуу мамилесин сапаттуу деңгээлге жогорулатууга болгон багыты так жана бекем экендигин дагы бир жолу далилдеди. Россиялык кесиптештер менен болгон жолугушууда биз мындан ары да ар кандай сферадагы, анын ичинде эмгек миграция жана товарлардын транзити боюнча кызматташуубузду жакшыртууга ниетибизди билдирдик», — деди Чыныбай Турсунбеков. Саясатчылар расмий айтылган маселелерден тышкары эмне жөнүндө сүйлөштү болду экен? Бул жөнүндө биз ой жорусак гана болот.

Мисалы, Орто Азия боюнча серепчи Аркадий Дубновдун пикиринде, россиялык спикердин келүүсү өлкөдөгү келе жаткан шайлоого байланыштуу. Жакынкы арада Кыргызстанга Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун да келүүсү күтүлүүдө. Баса, Володин жана Матвиенко менен да Турсунбеков жакшы тааныш. Акыркы жолу алар менен жазында эле жолуккан. Бул жерде серепчилердин төраганы Жээнбековдун ордуна келет же КСДПнын экинчи талапкери болот деген пикирлерин айтууга болот. Ошондой эле жакында президент Сооронбай Шарипович КСДПнын жалгыз талапкери деп жарыялап, бирок Турсунбеков да чыгышы мүмкүн экендигин белгиледи. Айтылган ушактарды спикердин социал-демократтардын төрагасынын орун басарлыгынынан кеткендиги күчтөндүрөт. Турсунбеков өзү да талапкерлигин сунуштайбы же жокпу деген суроого так жооп бере элек. Бирок акыркы окуялардан жана жолугушуулардан улам анын шайлоого болгон аракеттерин толук мүмкүндүк менен айтса болот. Анын талапкерлигине Орусия кандай көз карашта?

Сооронбай Жээнбековко караганда, Турсунбай Акуновичтин көптөгөн россиялык саясатчылар менен тыгыз байланышы бар

Ишеничтүү, тажрыйбалуу, элдин колдоосуна ээ, террордук коркунучу бар араб мамлекеттери менен мамилеси жок, тез арада компромисстерди табууга жөндөмү бар саясатчы. Ошо менен эле ал Атамбаев негиздеген өлкө багытын колдойт. Эмне үчүн КСДП анын ордуна Жээнбековду көрсөткөнү сыр бойдон калууда. Бирок мындай кадам түштүктөгү электораты чогултууга багытталышы мүмкүн. Бирок, түштүктөгү электоратты Сооронбай Жээнбеков ээрчитип кетет деген сөз ишенимдүү эмес. Тактап айтканда 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо өзү туулуп өскөн Кара-Кулжадагы Биймырза айылында Жээнбековдор добуш алууда артта калып, башка аты чыкпаган жан талапкерге алдырып жиберген. Өзүнүн айылынан жетиштүү добуш ала албаган саясатчыны жалпы аймак колдойт деп ишенимүү айтуу кыйын. Эми, кийинки айларда кандай абал болоорун жана Орусия кимди колдоорун болжолдосок гана болот.

Азырынча биз Турсунбековдун россиялык парламентинин башчысы менен болгон күтүүсүз жолугуусундагы «Биздин жолугушуу жемиштүү болгонун мен дагы бир жолу белгилейм» дегенин уктук. Бул жолугушуулар, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин расмий сунуштабай жатышы жана ММКларда Араб өлкөлөрү менен тыгыз байланышта болуп жаткан Жээнбеков тууралуу далилдерден улам Орус бийлиги тандоосун өзгөртүп, кызматташууга ыңгайлуу башка талапкерге токтолот болуш керек деген ойдобуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости