www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Динара Акулованын кызы Малика Динага карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу эстрада ырчысы Фейсбук баракчасына жазды.
"Урматуу досторум кудайым колдоп, кызымды сактап актап алдым. Кубанычым койнума батпай бөлүшкүм келди. Ким каралагысы келип, кол салган болсо кудайга койдум! "Ак ийилет бирок сынбайт",-деп жазган Динара Акулова.
Малика Динага "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, издөөгө алынган. Бир ай мурун ал Дубайдан учуп келери менен аэропорттон милиция тарабынан кармаганы маалымдалган.
Ырчы кызга кылмыш иш козгоого Бишкек шаарынын тургунунун арыз жазышы себеп болгондугун Чүй облустук ИИББ билдирет.
Маалыматка ылайык, Малика Дина азыр ээсинен “Лексус” унаасын акчасын бөлүп төлөп берем деп алып, бирок каражатты толугу менен бербей койгон. Андан тышкары Малика акчасы толугу менен төлөнө элек унааны башка бирөөгө сатуу аракетин көрүп жатканын билдирген. Мындан улам кылмыш иши ачылып, тергөө жүргөн. Акыры иш аягына чыкканын ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Булак: "5news.kg"