www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө күн сайын жетим балдар көбөйүп жатканын депутат Айбек Маткеримов бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анда Чалдыбар мектеп-интернаты менен «Манас» лицейин бириктирүү маселеси каралды. Эл өкүлдөрү интернаттын жабылышына каршы экендерин билдиришти.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын Чалдыбар мектеп-интернатына келген жетим балдардын саны азайганын билдирген. Депутат Маткеримов орун басардын бул сөздөрүнө нааразы болду.

«Балдардын келечегин ойлоп жатасыңарбы же креслоңордубу? Көчөдө калган, ата-энеси таштап кеткен балдардын саны күн сайын өсүп жатканын статистика көрсөтүп турат. Мигранттардын балдары зордукталып өлтүрүлүүдө. Балдардын келечегин ойлосоңуз, өзүңүз бул маселени көтөрүшүңүз керек эле. Силердин интернатка байлар балдарын алып келип жатышат деп ыйлашыңар керек эле», - деди ал.

«Кесиптешим Марат Мураталиев ал жакта ("Манас" лицейинде) кимдин балдары окуп жатканын билем деп ачык айтып жатат. Силер каршы айта албайсыздар, анткени креслоңордон ажырап калуудан коркосуңдар. Алардын айтуусу менен биздин жетимдерге, күчү жетпегендерге асылып жатасыз. Силер атайын алардын саны азайды деп жатасыз, бул пландуу тактика. Эгер чындап эле жетим балдардын саны азайса биз рахмат айтмакпыз. Бирок мунун баары жасалма. Силер атайын жасап жатасыңар. Бүгүн Чалдыбарды жабасыңар, эртең башкага барасыңар, жабыш керек деп», - деди Айбек Маткеримов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости