www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб донор өлкөлөр көрсөтүп жаткан гуманитардык жардам боюнча маалымат берди.
Кеп болуп жаткан жардамга тест-системалар, медициналык коргоочу каражаттар, жабдыктар жана антисептиктер кирет.
Тизме:
Россия — 13700 тест-система жана аларга 110 таӊгак реагент;
Кытай — 7000 тест-система (реагенттер), 200 000 бир жолу колдонулуучу бет кап, 10 000 респиратордук бет кап (№95), 1000 коргоочу медициналык костюм, 1000 коргоочу медициналык халат, 500 термометр, 1000 коргоочу медициналык көз айнек, 1000 медициналык кол кап, 1000 медициналык бахила.
Швейцария — Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ҮМБнын мобилдүү бөлүмдөрүн жабдуу менен камсыздады. Ошондой эле 35 концентратордук кычкылтектин келиши күтүлүүдө;
Япония — 2000 экспресс-тест (Primers and Probes жана Positive Control);
Корея — 500 жуп медициналык кол кап, колдор үчүн 10 литр антисептик, буюм бетин сүрткөн 5 литр спрей-антисептик. Мындан тышкары Кореядагы КР жарандарына 800 бир жолу колдонулуучу бет кап жана 500 миллилитр антисептик берилген;
Түркия — 200 таӊгак тест-система, 5000 бир жолу колдонулуучу бет кап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоо фильтри бар бет кап, 12 коргоочу көз айнек;
"Манас" университети өзүнүн жатаканасында 250 койка-орунду карантиндик борбор катары бөлүп берди.
Өзбекстан — 16 000 бет кап, 7900 коргоочу комбинезон, 4800 тест-система жана аларга реагенттер, 1000 тонна ун, 20 000 кол кап, 2000 №95 респиратор, 500 коргоочу көз айнек, 200 пирометр.
Булак: NazarNews.kg